ЖЭБдеги жарылуунун очогу аныкталды
Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде жайгашканы аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов «Биринчи радиодогу» маегинде билдирди.«Өрттүн очогу 14-от казандын жанында жайгашкан тегирменге туура келди. Ал көмүрдү майдалап от казанга чачып берип турат. Лаборатория азыркы тапта дагы өзүнүн ишин улантууда. Жарылуу өтө чоң масштабда болгон. Айнектин сыныктары, чатырдын тунукелери жүздөгөн…

