Кагаз түрүндөгү маалымкаттар толугу менен жоюлат
Кагаз түрүндөгү маалымкаттар жана иш кагаздар толугу менен жоюлат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинде өткөн кенешмеде маалым болду. Ведомстводон билдиришкендей, талкуу учурунда министр Нурия Кутнаева кагаз түрүндөгү малымкаттарды жана иш кагаздарын толугу менен жоюу керектигин белгилеп, электрондук форматка өтүү зарылдыгын белгиледи. Ал демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын кошумчалады….

