Нарын районунда социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында 100 тонна акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган добоорду ишке ашыруу “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан каржыланды.


Алсак, Чет-Нура айыл өкмөтүнө 12 т, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 10 т, Учкун, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнө 15 тоннадан, Дөбөлү айыл өкмөтүнө 13 т жана Миң-Булак айыл өкмөтүнө 20 т берилди. Ар бир үй-бүлөгө 500 кгдан, жалпы район боюнча 200 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылып берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *