Тынчсыздануу семирүүнүн негизги тенденцияларынан болуп саналат. Бул тууралуу гастроэнтеролог, дарыгер Екатерина Килипко «Известия» басылмасына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында нормалдуу салмакты сактоо үчүн физикалык активдүүлүк эмес, туура тамактануу маанилүү. Ал эми семирүүнүн күчөшүнө үч негизги фактор себеп:

«Биринчиден, тынчсыздануунун көп болгону. Айрым адамдар өз эмоцияларын жана стресстерин тамаксыз көтөрө албайт. Илимий маалыматтарга караганда, адамдарда 60% га чейин стресстен улам тамакка табити демейкиден күчөгөнүн байкашкан. Башкача айтканда, адамдардын көбү тынчсызданганда көбүрөөк жей башташат», — деди диетолог Килипко.

Экинчи фактор — бул жогорку деңгээлде кайра иштетилген азыктар — фастфуд, газ суулар, таттуулар ж.б.у.с. болуп саналат. Бул азыктардын калориясы жогору жана аш болумдуулугу төмөн. Демек, аларды көп жеген адам бат семирет.

Үчүнчү туура тамактануу боюнча эч кандай түшүнүгүбүз, билимибиз жоктугунан улам келип чыгат. Көпчүлүк эл кайсы убакта кандай тамактарды жеш керек экениндигин биле беришпейт. Туура тамактанууга көңүл бурбасак бат семирип,көп ооруларга чалдыгабыз.
Которгон: Алтынай Гапарова

