Баткен шаарында “Жаштык” жана “Жеңиш” борбордук эс алуу бактары пайдаланууга берилди

Баткен шаарында “Жаштык” жана “Жеңиш” борбордук эс алуу бактары пайдаланууга берилди. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эс алуу жайларынын курулушуна 137 млн сомдон ашык жумшалды. Учурда эс алуу парктарында соода павильондору, амфитеатр, фонтан, шахмат ойноочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр, балдар ойноочу аянт, машыгуу жайлары, тротуар жана велосипед жолдору курулду. Ошондой эле жер астындагы электр, суу жана…

Кененирээк

№13 округ боюнча кайра шайлоо 1-мартка дайындалды

№13 шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына белгиленди. Чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган. Эске салсак, 3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо №13 округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тапкан. Текшерүүдө талапкерлердин өкүлдөрү 35 шайлоо участогуна камера орнотконун, бул шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга алып келгенин…

Кененирээк

Алдыдагы аптада кыскартылган жумуш жумасы болот

Алдыдагы аптада кыргызстандыктарды кыскартылган жумуш жумасы күтөт. Жаңы жылдык каникулдар расмий түрдө 2026-жылдын 12-январына чейин узартылды. Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле бюджеттен каржыланган уюмдардын кызматкерлери үчүн 8–9-январь күндөрүн кошумча эс алуу деп бекитти. Чечим мектеп окуучуларынын кышкы каникулу маалында үй-бүлөлүк эс алууга шарт түзүүгө жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле жеке…

Кененирээк

Жаратылыш министрлиги Кеминде кармалган илбирстин сүрөтүн жарыялады

Кызыл китепке киргизилген жырткычты Чоң Кемин жаратылыш паркынын егери жана жергиликтүү мергенчи бактан түшүрүп, кармаганы белгиленди. “Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет”, — дешти министрликтен. Мекеме жаныбар мындан ары кайда жайгаштырыларын же кое берилерин тактаган…

Кененирээк

К.Ташиев: УКМК коррупцияга каршы күрөштү күчөтөт

2026-жылдын 1-январынан тартып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунда өткөн жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине — айыл өкмөттөрүнүн жана райондордун башчыларынан тартып аймактарга жана министрлерге чейин — карата тергөө иштери жүргүзүлөт. «Мамлекеттен уурдап, мамлекеттик мүлктү ээлеп…

Кененирээк

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы 25 391 жумуш орду түзүлдү

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы Эмгек министрлигинин көмөгү менен 25 391 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Алардын ичинен: ▪️социалдык келишим программасы боюнча — 13 миң 964; ▪️коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды уюштуруунун алкагында — 10 миң 716; ▪️жеке ассистенттик кызмат көрсөтүү боюнча — 711. 2025-жылы социалдык келишимдин суммасы 150 миң сомду түздү (мурда 100 миң болчу)….

Кененирээк

Кумтөрдүн быйылкы кирешеси 125 млрд сомго чукулдады

2025-жылдын жыйынтыгы менен “Кумтөр Голд Компани” 124 млрд 216 млн сомдон ашык киреше тапты. Алтын өндүрүүнүн көлөмү жыл аягына чейин 12 тоннага жетет. Бул кирешелер толугу менен мамлекеттик казынага түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалууда.Эске салсак, Кумтөрдү чет элдик компания иштеткен 29 жылда 410 тоннадан ашык алтын казылып чыккан.Ошол мезгилде Кыргызстан алган жалпы дивиденд болгону 101 млн…

Кененирээк

Раззаков өлкөнүн эң таза шаары болуп табылды

Сынакты Жаратылыш ресурстары министрлиги уюштурган. Жеңүүчү шаардын мэрине министр Медер Машиев таштандыларды ылгаган техника тапшырды. Ал эми Ат-Башынын Ак-Муз айылы эң таза айыл аймагы деп табылып, Шумкар маркасындагы автоунаа берилди.

Кененирээк

Садыр Жапаров Чүй облусундагы балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводдун иш шарттары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Чүй облусунун Панфилов районундагы “Тянь-Шань форель”ЖЧКсынын балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводунун иш шарттары менен таанышты. Мамлекет башчысына заводдун курулушуна жалпысынан 5 миллион АКШ доллары сарпталганы, объект аянты 7 гектарга жакын жер тилкесине курулганы маалымдалды. Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталып, ушул эле жылдын декабрь айында аяктаганы белгиленди. Толук…

Кененирээк

Президент таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү заводду ачты

Президент Садыр Жапаров катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду ишке киргизди. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун расмий ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштеп келгенин…

Кененирээк