Казакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталууда
Маданият жана маалымат министрлиги балдардын интернетке кирүү тартибин өзгөртчү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда 16 жашка чейинки колдонуучуларга бардык онлайн-платформаларда аккаунт ачууга тыюу салуу каралган. Тыюу социалдык тармактарга, видеохостингдерге жана башка платформаларга тиешелүү болот. Бир гана мессенджерлер — WhatsApp, Telegram жана окшош сервистер — буларга чектөөгө кирбейт. Максат — өспүрүмдөрдү зыяндуу контенттен жана кибербуллингден…
