Бишкек шаарынын башкы планын талкуулоо уланууда

Бишкек мэри башкы планды талкуулоодо бөлүп-жаруу болбой турганын убадалады. Борбор шаарды 2050-жылга чейин өнүктүрүүнү караган жаңы башкы план боюнча адистердин талкуусу уланууда.Айбек Жунушалиевдин айтымында, мэрияга 200дөн ашуун сунуш келген. Соцтармактардагы пикирлерди эске алганда, бул көрсөткүч миңге чукулдайт. Бардык материалдар шаардык администрациянын сайтында жарыяланган.Документ боюнча коомдук угуу 24-25-декабрга белгиленди. Долбоор Санкт-Петербургдагы институт менен бирге иштелип чыккан.

Кененирээк

Орусия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

Орусия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Тиешелүү буйрукка Орусиянын президенти Владимир Путин 1-декабрда кол койду. Бул документ келерки жылдын 14-сентябрына чейин иштейт. Ага ылайык, турист катары же маданий, илимий, саясий, экономикалык, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген кытай жарандары Орусияда 30 күн визасыз жүрө алат. Орусия аркылуу башка өлкөлөргө өткөн кытайлыктарга да визанын кереги жок.

Кененирээк

Ошто интернетке тараган видео боюнча милиция териштирүү баштады

Ош милициясы интернетке тараган видео боюнча териштирүү баштады. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуу белгилери боюнча социалдык тармактарга видео тараган. Анда айтылгандай, №5249 шайлоо участкасында добуш сатып алуу аракеттери болгон. Бул факты Ош облустук милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуянын чоо-жайын тактоо жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кененирээк

Бишкектеги бала бакчалар массалык түрдө жабылбайт

Мэрия сасык тумоо күчөп жатканына байланыштуу, борбордогу бала бакчаларды жабууда эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынарын билдирди. Канча бала бакча жабылганы тууралуу так айтуу мүмкүн эмес. “Анткени, бала бакча эмес андагы тайпа эле жабылышы мүмкүн. Эпидемиологиялык абалга карап чечим кабыл алынып турат”, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылат

Жыйынтыктар үч күндүн ичинде кайра каралышы ыктымал.БШК АСУ алдын ала гана жыйынтык берерин эскертип, кол менен эсептеген санак акыркы болорун билдирди. Буга чейин бир катар талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Ошол эле учурда эл аралык байкоочулар олуттуу укук бузуулар катталбаганын билдиришүүдө.

Кененирээк