«Кара-Кыргыз» сериалы элге тартууланат
27-декабрдан тартып улуттук телеканалдан жана «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынан жаңы тарыхый «Кара-Кыргыз» сериалы көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Сериал 1917–1924-жылдардагы татаал тарыхый доорду чагылдырып, Үркүндөн кийинки кыргыз элинин тагдыры, бийлик боштугу жана улуттук мамлекеттүүлүк үчүн күрөштү баяндайт. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу өрчүп, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков,…
