Садыр Жапаров Алай-Куудан келген баланы кабыл алды

Садыр Жапаров 17-декабрда Ош облусунан келген 4-класстын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды. Карды жиреп мектепке бара жаткан видеосу президенттин көңүлүн буруп, ал баланын билимге болгон умтулуусун жогору баалады. Жапаров Нурзаманды президенттик балатыга чакырып, белектерди жана өзүнүн уюлдук телефонун тапшырды. Ал бул окуя өзүнүн бала чагын эске салганын айтып, окуучуга ийгиликтерди каалады.

Кененирээк

Жогорку Кеңештин депутаттары үч вице-спикерди жана төраганы шайлашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынында депутаттар үч вице-спикерди шайлашты.Ага ылайык, эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев төраганын биринчи орун басары болуп шайланды. Ошондой эле Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханджеза вице-спикерлик кызматтарга бекитилди. Чыңгыз Ажибаевди төраганын биринчи орун басары кылып шайлоону 82 депутат колдоп, 5 депутат каршы добуш берди Жылдыз Таалайбек кызын вице-спикерликке шайлоого 85…

Кененирээк

Садыр Жапаров: Кыргызстан тышкы карызын бир күндө төлөп коё алат, бирок бул пайдасыз.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында зарыл болсо, Кыргызстан тышкы карызын толугу менен бир күндүн ичинде төлөп коюуга күчү жетерин билдирди. Анын айтымында, карыз жүгү азайып жатат: учурда тышкы карыз ИДПнын болжол менен 25%ын түзөт, ал эми 2020-жылы 54%га жеткен. Бирок карызды дароо жабуу «пайдасыз», анткени пайыздар жогорулап, айып пулдар каралган. Президент 2035-жылга чейин мурда…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттары ишин баштады

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы ишин баштады. Алгачкы отурумду жаңы депутаттардын эн улуусу Гүлай Машрапова ачты.Ант берүү салтанатына өлкө президенти Садыр Жапаров катышууда. Жалпысынан 87 депутат ишке киришип жатат. №13 округдагы шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам дагы үчөө кийинчерээк шайланат. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышында беш депутаттык топ болорун жергиликтүү басылмалар парламенттеги маалымат булактарына таянып кабарлады….

Кененирээк

Айбийке Уланбек кызы парадзюдо боюнча алтын утту

Айбийке Уланбек кызы эл аралык турнирде алтын багындырды Кыргызстандык Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн эл аралык парадзюдо боюнча турнирде алтын медаль утту. Спортчу 52 кг салмак категориясында күч сынаган. Ал Тайвань, Мексика жана Швейцариядан келген атаандаштарын жеңди.

Кененирээк

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун каржылоонун шарттары аныкталды

Кечээ макулдашууга биргелешкен долбоордук компания жана Кытайдын банктар синдикаты кол койду. Долбоордун баасы 4,7 млрд доллар. Кытай банктарынын синдикаты сумманын жарымын, тагыраагы, 2,3 млрд долларды 35 жылга кредитке берет. Калган 2,3 млрд доллардын 51 пайызын Кытай камсыздаса, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан берет.

Кененирээк