“Манас” аэропортунда каттамдар жанданды.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда көрүү аралыгы 3 миң метрди түзүүдө. Эске салсак, акыркы күндөрү “Манас” аэропортунда коюу тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталып жаткан.

Кененирээк

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, демилге жеке компанияларга таандык. Смарт-мамылар күн панелдери жана шамал генераторлору менен иштеп, камералар менен камсыздалып, жасалма интеллект орнотулган. Ошондой эле жарандар аталган мамылардагы wi-fi менен колдонуп, электромобилдерин кубаттай алышат.

Кененирээк