Алманбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгарылды

Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгарылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, ага ылайык Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичке «Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси » жогорку атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

2026-жылдагы эс алуу күндөрү белгилүү болду

Эмгек министрлиги 2026-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти. Ага ылайык, Кыргызстанда 1-7-январда жана 1-10-майда узак эс алуу болот. Андан тышкары, 8-март аялдардын эл аралык күнү, 21-март Нооруз жана 31-август Эгемендүүлүк майрамы да иш күндөрү эмес. Буларга Орозо жана Курман айт кошулат. Ал эми 20-март, 30-апрель жана 31-декабрь кыскартылган иш күн болот.

Кененирээк