Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жаңы 47 кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.
«Бүгүн сот тутумунун тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири деп айтсам жаңылышпайм. Анткени эгемендүү өлкөбүздүн 32 жылдык тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен сот аткаруучуларга 47 жаңы кызматтык автоунаа сатылып алынып, өткөрүлүп берилип жатат. Мамлекет тарабынан сот тутумуна бөлүнгөн каражатка сатылып алынган бул кызматтык унаалар сот аткаруучулардын биздин элге кызмат кылуусуна, тактап айтканда соттордун чечимдерин жана мамлекеттик органдардын актыларын реалдуу, толук жана ыкчам аткарууга өбөлгө болот” — деп ишенем деди Жогорку соттун төрагасы.
