Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Yandex Go маалыматтык тейлөө кызматы макулдашууга кол койду. Документ жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган.


Макулдашуунун алкагында тараптар биргеликте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана рынокто атаандаштыкты колдоо мыйзамдарын сактоо максатында, суроо-талаптарды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу топ түзөт.


Ошондой эле кызмат монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо жана компаниянын ишин талдоо максатында кол коюлган макулдашуунун аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.


Макулдашуу Кыргызстандын керектөөчүлөр рыногун тең салмактуу жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *