Ош облусунун Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүндө таш майдалоочу жана асфальт-бетон чыгаруучу заводдун курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Курулушка 10 гектар жер каралган , асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 80 тоннаны түзөт.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тиешелүү жетекчилер менен жеринде жолугушуу өткөрүп, курулуштун кээ бир аспектилерин талкуулады. Жыйынтыгында облус башчысы жергиликтүү бийликке курулуш иштерине ар тараптуу жардам берүү тапшырмасын берип жана курулуш аяктаганга чейин жеке көзөмөлүндө болоорун билдирди.
Завод «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы тарабынан курууда. Бул жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, аймакты жол куруу үчүн сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда негизги ролду ойноп, экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

