Зордуктоо боюнча кармалгандарга, оор кылмыш жасагандарга жаза күчөтүлдү. Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
Оор кылмыштар боюнча анын ичинде зордуктоо иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тактап айтканда эми тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды.
Жыныстык кол тийбестик боюнча кылмыштарды алдын алуу максатында, мыйзамдардагы жоопкерчиликтен иш-жүзүндө качууга шарт түзгөн жылчыктарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөр алынып салынды, анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алынган. Мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган. Мыйзамдын милдети алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.