“Ош Пирим” телерадиокомпаниясынын “Жоокерден Салам” автордук берүүсүнүн чыгармачыл тобу КРнын УКМК Чек ара кызматы тарабынан алкоого арзыды. Анда “Жоокерден Салам” телекөрсөтүүсү Чек ара кызматынын күжүрмөн-кызматтык ишмердигин кеңири чагылдырып, өлкөбүздүн коомчулугунда чек ара ведомствосунун позитивдүү имиджин калыптандырууга жигердүү салым кошуп жаткандыгын белгилешти.
Эске сала кетсек “Жоокерден Салам” автордук берүүсүн ар жуманын ишемби кундөрү саат 21:00 дө көрө аласыздар.

