Кыргызстанда бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ачылыш аземи Бишкек шаарында өткөрулүп ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Байсалов жалпы спортчуларга ийгилик каалап атамекендик чемпиондордун буга чейинки жетишкен ийгилигине токтолду. Ошондой эле жылдын төрт мезгили ичинде спорттун бардык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүүгө Кыргызстан даяр экендигин белгиледи.

Эске салсак, Мелдешке дүйнөнүн 20дай өлкөсүнөн 200гө жакын спортчу катышууда. Дүйнө чемпионаты ушул жылдын 2-мартына чейин уланат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *