Нарында дрон чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Завод жакын арада салынып баштаары кошумчаланды. Бул долбоор “Нарын эркин экономикалык аймагы” менен “Кашгар комплекстүү боналык зонасынын” ортосундагы “Эки өлкө, эки парк” кызматташуу демилгесинин алкагында ишке ашмакчы.

Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери ортосунда “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму өтүп, анда энергетика жана тоо-кен тармактары боюнча 1 миллиард 151 миллион доллар суммасындагы жети документке кол коюлган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *