Таласта аэропорт ишке берилип, ачылышына Садыр Жапаров катышты

Президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы реконструкцияланган аэропортту салтанаттуу ачты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Мамлекет башчы «Талас» аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин айтты.

Аба майдан саатына 100 жүргүнчү тейлейт. Ошондой эле өлкө башчы аймактардагы аэропортторду пайдаланууга берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, «Манас» аэропорту муктаждыкты жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *