“Мындан ары автоунаалардын туура эмес жерге токтотуп койгон, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көргөн учурда ушул номурга сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтүп койсо болот”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жогорудагы номерге жөнөтүлгөн видео, фото маалыматтарды кызматкерлер карап чыгып, тийиштүү чара көрүп, кайрылуу жөнөткөн жаранга жыйынтыгы жөнүндө кабар берет. ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп.

