Баткен облусунун башчысы Британиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.


Облус башчысы өз сөзүндө Баткен облустун приоритеттүү багыты чек ара маселесин чечүү, облус аймагында тынчтыкты сактоо, инвесторлорго жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аймактын экономикалык-социалдык дараметин жогорулатуу экенин белгилеп, кызматташуу багыттарын айтып өттү.
Тагыраагы энергетика жаатында кызматташып, облус аймагында жайгашкан чоң дарыяларда чакан ГЭСтерди куруудагы чоң мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Улуу Британиялык ишкерлерге облус аймагында кичи ГЭСтерди жана шамал-күн электр станцияларын курууну сунуштады.
Өз кезегинде элчи Николас Боулер Баткен облусу менен ар тараптуу кызматташуу мындан ары өнүгүп, чыңдалаарын, айтылган сунуш пикирлерди биргеликте ишке ашырууга ынтызарлыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *