Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ишкана Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан.
Заводдо Chevrolet, Daewoo жана Isuzu автомобилдерин чогултуу пландалган. 2023-жылы март айында «Узавтосаноат» менен Кыргызстандын «ДТ техника» жана «НУР» компаниялары ортосунда жеңил авто унааларды чогултуу боюнча кызматташуу келишими түзүлгөн.
Мындан сырткары Кыргызстанда август айында Кытай менен биргеликте электромобилдерди чогултуучу завод ачылышы да күтүлүүдө.

