Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу жаатында Борбор Азия эл аралык форуму өтүп жатат.
Документке 26-майда Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ДССУнун Европа боюнча регионалдык директору доктор Ханс Клюге кол коюшту.
Белгиленгендей, форум 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында өтөт.
Саламаттык сактоо министрлиги жана ДССУнун Европа регионалдык кеңсесинин ортосунда түзүлгөн меморандум бул маанилүү иш-чараны биргелешип уюштурууга багытталган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *