Баланы атасы бакса, энеси тарабынан алимент төлөнсүн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Улукбек Ормонов “Жарандык абалдын актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам үчүнчү окууда каралып жатканда билдирди. “Эгерде баланы атасы бакса, акчасын апасы төлөп берсин. Мындай учурлар азыркы тапта көбөйүп жатат. Жалаң эле энелерди айта бербей, аталарды да айтышыбыз керек. Тең укуктуулук дегенде ушул жагын унутуп калбайлы. Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев өткөн жылы 44 миң нике күбөлүк берилсе, 12 миң 662 нике бузулгандыгын айтты. Ошондой эле,“Үй-бүлө” кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын билдирип, эл өкүлдөрү тарабынан айтылган пикирлер эске алына турганын айтты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *