Ысык-Көлдүн бир нече айылдарын сел каптады

18-августта катуу жааган жамгырдан соң Ысык- Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора” пансионатын сел каптаган. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Расмий маалымат боюнча, селден эң көп Темиров айылы жабыркап, 100дөн ашык үйдү суу каптаган. Мындан сырткары Тоң районундагы Ак-Сай айылында, Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында да сел жүргөнү тууралуу маалыматтар айтылууда. Учурда облус аймагындагы бир нече ички жолдор жабылганы кабарланды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жетектеген жыйын өтүп, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын кабарлашты.
Өлкөдө быйыл сел көп катталып, андан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында бир нече жолу сел жүрүп, өкмөт анын чыгымын 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *