Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз көз жарды.
Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын тастыктаган маалыматына караганда, учурда эне-баланын абалы жакшы .
Ош ОИИБнын басма сөз кызматы бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү каттоого алып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган Ж.Н. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *