Россия мигранттарга көзөмөлдү күчөткөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
8-августта мигранттарды өлкөдөн чыгаруу тартибине жаңы укуктук режим киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлган. Ал Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерге карата колдонулат.


ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарды өзүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убагында компетенттүү органдарга кайрылууга чакырат.


Чектөөчү чаралар 2025-жылдын 5-февралында күчүнө кирет. Бирок ага чейин Россиянын аймагында мыйзамдуу негизи жок жүргөн жана өлкөдөн такыр чыкпаган чет элдиктер көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет.


Ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүктөрдүн Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн жыл ичинде 180 суткадан 90 суткага чейин кыскартууну караган эреже күчүнө кире турганын эске салды. Бул ченемдер Россиянын аймагында тиешелүү уруксат документтери жок жүргөн чет өлкөлүктөргө тиешелүү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *