Экономика министрлиги президенттин жарлыгынын долбоорун даярдаган. Анда айрым банктардын эл аралык деңгээлдеги төлөмдөрү кыйындап, экспорт-импорт операцияларына терс таасирин тийгизип жатканы айтылган.
Мындан улам убактылуу, өзгөчө тартип киргизүү мерчемделүүдө. Тагыраагы, аталган банк чет өлкөлүктөр менен виртуалдык активдер аркылуу эсептеше алат. Ошол эле учурда ал Кыргызстандын жарандары менен виртуалдык активдер аркылуу операция жүргүзбөйт. Бул ички рынокто криптовалютанын жайылышынын алдын алууну көздөйт.
Мындан тышкары кылмыштуу каражаттарды адалдоого каршы бардык чаралар көрүлүп, тиешелүү органдарга отчет берип туруусу каралган.

