Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-декабрда, Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду.Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн.

Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.


