Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өттү.
Отурумда активист Атай Бейшенбек суракка алынды. Ал Мамыркулова репост кылган пост аныкы экенин ырастады. Аталган пост Мамыркулованын соттук-лингвистикалык экспертизасында колдонулуп «этникалык кастыкты козутуу» элементтерин камтыган деп эсептелген.

Атай Бейшенбек ошондой эле бул анын 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жалгыз посту эмес экенин белгиледи.

Кийинки соттук отурум 19-январда саат 11:00гө белгиленди.
Эскерте кетсек, 3-июлда Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратып , төрт жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган. Ага түнкүсүн үйүнөн чыгууга жана социалдык медиада пост жазууга тыюу салынат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *