Президент К.Ташиевди эмне себептен жумуштан алганын айтты

Садыр Жапаров бул чечимге өлкөдө бөлүнүү коркунучу жаралганынан улам келгенин билдирди.

Анын айтымында, айрым депутаттык топтор Жогорку Кеңеште «кайсы тараптасың?» деген принцип менен бөлүп-жарууга аракет кыла баштаган. Айрым адамдар «генерал тарап» жана «президент тарап» деген түшүнүктөрдү жайылтып, депутаттарга жана мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөткөн учурлар болгон.

Президенттин айтуусунда соңунда мындай бөлүнүүлөр «көчөдөгү аксакалдарга» жеткен. Ошондой эле «75 адамдын каты» тууралуу сөздөр чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгеси көтөрүлгөнү айтылды. Президент мындай жагдай коомдо ажырымга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Садыр Жапаров чечим кабыл алар алдында Камчыбек Ташиевге телефон чалып, жагдайды түшүндүргөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, бул кадам өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана коомдук тирешүүлөрдүн алдын алуу максатында жасалган.

Президент мамлекеттин бүтүндүгү жана стабилдүүлүгү бардык кызматтан жана жеке мамиледен жогору турарын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *