Илим жана инновациялар министрлиги алдында «Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору» түзүлөт. Максаты чет элдик абитуриенттерди кабыл алууну тартипке салуу жана ачык-айкын кылуу.
Окууга кабыл алуудагы өзгөрүүлөр мектеп базасындагы абитуриенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Ал эми магистратура сыяктуу айрым программаларда дистанциялык жана сырттан окуу сакталат.
Чет элдик студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жана билим тууралуу документтер расмий тастыкталган болушу керек.
Ал эми «бюджеттик орундар» түшүнүгү кыскартылып, гранттык система күчөтүлөт.
Президенттик лицей «Акылман» бүтүрүүчүлөрү үчүн окууну бүткөндөн кийин мамлекеттик кызматта иштөө милдети каралат.

