АКШда Трамптын саясатына каршы ири нааразылык акциясы өттү

Ишемби күнү Америка Кошмо Штаттарында президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын саясатына каршы жапырт нааразылык акциясы өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, үчүнчү жалпы улуттук акция «No kings» деген ураандын алдында өтүп, “АКШнын тарыхындагы эң ири акция” болуп калды.

50 штатта 3 миңден ашуун митинг жана демонстрациялар өттү. Акция АКШдан сырткары башка дагы ири шаарларда болду. Уюштуруучулардын айтымында, ага жалпысынан 8 млн киши катышты.

Митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары Трамптын администрациясынын авторитардык тенденцияларына, иммиграция кызматынын (ICE) аракеттерине, социалдык адилеттүүлүк талаптарына нааразылык билдиришүүдө. Ошондой эле Иран менен согушка каршы жана Палестинаны колдогон ураандар айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *