«АгроДиалог–2026»: Фермерлик жана дыйканчылык боюнча чемпиондор аныкталат

18–19–20–21-февраль күндөрү жылдын маанилүү иш-чараларынын бири — «АгроДиалог–2026» агроөнөр жай форуму өтөт. Бул форумдун алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы — 20 өсүмдүк өстүрүү, 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпиондор аныкталат.

Иш-чарага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн эксперттер жана дыйкан-фермерлердин катышуусу күтүлүүдө.Форумдун жүрүшүндө өлкөнүн айыл чарба чемпиондору бардык кызыкдар тараптар менен ийгиликке жетүү сырларын бөлүшүп, өз тажрыйбаларын ортого салат.

Иш-чара 18–19–20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми форумдун жыйынтыктоочу бөлүгү 21-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулат.
Форумдун алкагында айыл чарбасынын ар бир багыты боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу иш-чара менен коштолот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *