Кыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташты

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, айдын биринчи жарымында республика боюнча 10 даананын баасы орто эсеп менен 10 сомго, айрым аймактарда 20 сомго чейин кымбаттаган.

Өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү жана Айыл чарба министрлиги менен жолугушуулардан кийин баа төмөндөй баштаган. Азыр республика боюнча орточо баа 129 сомду түзөт, ал эми Бишкектеги Ош базарында жумуртка категориясына жараша 80 сомдон 130 сомго чейин сатылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *