Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иттердин тиштегенинен улам көптөгөн жаракаттарды алган бала жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды.
2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде төмөнкү диагноз менен жеткирилген: баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок.
Ооруканага түшкөн учурдан тартып бала дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө. Профилдик адистердин, анын ичинде кан тамыр хирургдарынын катышуусунда бир нече консилиум өткөрүлгөн. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу деп бааланууда.
Министр бала толук айыкканга чейин ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлөрүн баса белгилеп, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыкчам аракеттери жана баланы медициналык мекемеге өз убагында жеткиргени үчүн ыраазычылык билдирди.


