Трамп согушту токтотуу боюнча сунушка Ирандын жообун кабыл албады

Трамп АКШнын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди.

“Мен азыр эле Ирандын “өкүлдөрү” делген адамдардын жообун көрдүм. Мага жаккан жок, таптакыр кабыл алынгыс!” — деп Truth Social соцтармагына жазды.

Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Тегеран АКШнын тынчтык сунушун четке каккан. Алар демилге “ашыкча талаптарга баш ийүүнү билдирет” деген пикирде.

Ирандын жообуна санкцияларды алуу, Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөө, мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү активдерин камактан чыгаруу жана АКШ тарабынан согуштук репарация төлөө кирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *