Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасында жаңы спорт комплекси ачылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин жаңы спорт комплексинин, ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылышына катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, колледждин жетекчилиги, окутуучулары, машыктыруучулар жана тарбиялануучулар катышты. Заманбап борбордо спорт менен…

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапарын аяктады

Иш сапардын алкагында ал Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты. Саммиттин алкагында алгач ирет «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели “Ак илбирс”: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өттү. Ошондой эле, Адылбек Касымалиев БАЭнин жетекчилиги жана ири фонддордун өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Саммит учурунда ал Президенттин атынан Дүйнөлүк өкмөттөр…

Кененирээк

Ноокенде «Хизбут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалды

УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалганын билдирди. Алар окутабыз, үйрөтөтбүз деген шылтоо менен кыздарды тескери идеяга сугарып келишкен. Лидерлери жабык телеграм-каналдарга активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, халифат түзүү маселесин талкуулап турушкан. Жашаган жерлерин тинтүү маалында китептер, компьютерлер, флеш-карталар жана уюлдук телефондор табылган. Шектүү катары беш аял кармалып, тергөө абагына камакка…

Кененирээк

Бурана мунарасынын айланасы көрктөндүрүлөт

«Бурана мунарасы» археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүүгө багытталган долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты. Анын алкагында аймакты жашылдандыруу, майда архитектуралык формаларды орнотуу, автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана туристтер үчүн ыңгайлаштырылган коомдук мейкиндик түзүү каралган….

Кененирээк

Кыргызстанда балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат

Чүй облусунун Арчалы айылында «Максат» реабилитациялык борборунун базасында заманбап реабилитациялык шаарча куруу пландалууда. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов борборго барып, курулуш каралган аймак менен таанышты. Долбоор ДЦП, аутизм, Даун синдрому жана өнүгүүсү кечиккен балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталган. Шаарчада стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация бөлүмдөрү, 150 орундуу борбор, коррекциялык блок, ата-энелер жана медкызматкерлер үчүн жатакана,…

Кененирээк

Ошто Г.Айтиев атындагы орто мектепке 225 орундуу кошумча корпус курулат

Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу №37 Г. Айтиев атындагы орто мектебине 225 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушуна расмий түрдө мезгил кутусу салынды. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө…

Кененирээк

КУУда Улуу Ата Мекендик согушка арналган атайын мейкиндик ачылды

Иш-чара Сталинград салгылашуусунун 83 жылдыгына карата уюштурулду. Ачылыш аземинде РФнын КРдагы элчилигинин кеңешчиси Сергей Храмов сөз сүйлөдү. «Сталинград салгылашуусу согуштун бурулуш учурларынын бири болду. Ага чейин жеңишке жетүү мүмкүн эместей сезилген. Бирок бардык Советтик Союздун элдери ийин тирешип, душманга каршы туруп, жалпы мекенди, балдарынын келечегин коргоп, жеңишке жетишти», — деди ал. Храмов Россия, Кыргызстан элинин…

Кененирээк

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны АКШда кармалды

47 жаштагы Ы.М. аттуу киши мунайзат саткан уюмдун жетекчилерининин бири менен сүйлөшүп алып, 1,5 миң тоннадан ашуун күйүүчү май уурдап, мамлекетке 51,7 млн сомдук зыян келтирген деп шектелип жаткан. 2023-жылы Кыргызстан ИИМи аны Интерпол аркылуу издөөгө алган. АКШнын укук коргоо органдары шектүүнү кармап, азыр экстрадициялоо маселеси каралууда.

Кененирээк

Кыргызстанда Burger King ачылат

Кыргызстанда белгилүү Burger King тез татым рестораны ачылат. Бренддин өлкөдөгү жалгыз филиалы Бишкектин жаңы аэропортунда — duty free зонасында жайгашат. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына берген эксклюзивдүү маегинде «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, ресторанды аэропорттун стерилдүү зонасына жайгаштыруу эл аралык брендге өлкөдө тармак жок болсо да иштөөгө мүмкүндүк берет. «Бул стерилдүү…

Кененирээк

Эттин баасын көтөргөн 178 адамга айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көтөргөн 178 учурду аныктап, 668 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Женалы Орозбаев парламенттин жыйынында билдирди. Буга чейин уй эти 680 сомдон, ал эми кой эти 670 сомдон кымбат болбошу керек деген эреже кирген.

Кененирээк