Айыл чарба министрлиги март айында эттин кымбатташын алдын алуу үчүн өлкөдөн мал экспорттоого тыюу салган.
Мекемеге кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн.
Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин баасына анчейин таасир бербестигин айтты.


