Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда ачылат
Жаңы автобекеттин курулушу 95% аяктады. Ички жасалгалоо иштери бүтүп, учурда асфальт төшөө жана айланасын көрктөндүрүү гана калды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект ушул айда пайдаланууга берилерин билдирди. 30 миң чарчы метрлик автобекетте соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар болот.


