Бишкек мэриясына 100дөн ашык жаңы автобустар жана атайын техникалар тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты. Иш-чара №1 кампанын аймагында өттү.  «Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам….

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапарын аяктады

Иш сапардын алкагында ал Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты. Саммиттин алкагында алгач ирет «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели “Ак илбирс”: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өттү. Ошондой эле, Адылбек Касымалиев БАЭнин жетекчилиги жана ири фонддордун өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Саммит учурунда ал Президенттин атынан Дүйнөлүк өкмөттөр…

Кененирээк

Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды

Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат. Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи. «БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү», — деди Касымалиев….

Кененирээк

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы БАЭге иш сапары менен барат

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал Дубай эмиратынын башкаруучусу, БАЭнин вице-президенти жана премьер-министри шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат. Иш сапардын алкагында Эмираттардын жогорку жетекчилиги, бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр…

Кененирээк