Бишкектеги Азия чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин Жаштык Арена спорттук комплексинде өттү. Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун күчтүү балбандар катышып, мелдеш аймактагы маанилүү спорттук окуялардын бири болду. Кыргызстандын курама командасы грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун болду. Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1…

Кененирээк

Эки кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Мелдешти чейрек финалдан баштаган Орозобек Токтомамбетов индиялык Жайдипди 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал жарым финалда япониялык Ёсиносукэ Аояги менен күч сынашат. Ал эми Яков Чаплин чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракетинин эсебинен жеңишке жетти. Жарым финалда ал бахрейндик Магомед Шариповго каршы чыгат.

Кененирээк

Азия чемпионаты: Бүгүн балбан кыздарыбыз күрөшүп баштайт

8-апрель — Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын үчүнчү күнү. Килемге чыга турган балбан кыздарыбыз: ◾️Арууке Кадырбек кызы — 55 кг◾️Сезим Жуманазарова — 59 кг◾️Мээрим Жуманазарова — 68 кг◾️Айпери Медет кызы — 76 кг Беттештер саат 11:30да башталат.

Кененирээк

Азия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алды

7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту. Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту. Күрөштүн…

Кененирээк

Ок атуу боюнча Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары коло медаль алды

Мелдештин командалык түрү боюнча кыргызстандык ок атуучулар үчүнчү орунду алды. Кыргыз курамасында Альбина Түлөбердиева, Жибек Бекташова жана Даткайым Садыкова чеберчилигин көрсөттү. Ошондой эле дагы бир командалык күч сынашууда, Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева да үчүнчү орунду камсыз кылды. Чемпионат Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Ага 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда.

Кененирээк

Азия чемпионатында Нурсултан Кеңешбеков күмүш медаль утту

Кыргызстандык жеңил атлетчи Кытайда өтүп жаткан жабык имараттагы Азия чемпионатында ийгиликтүү оюн көрсөттү. 3000 метр аралыкка чуркоонун финалында Нурсултан 7 мүнөт 55,06 секунд мыкты жыйынтыгы менен марага экинчи болуп келди. Курч күрөштө биздин спортчу күчтүү атаандаштарын артта калтырып, улуттук курама команданын куржунуна татыктуу күмүш медалды алып келди. Бул сыйлык Кеңешбековдун кышкы Азия чемпионаттарындагы карьерасындагы үчүнчү…

Кененирээк