Айрым эреже бузуулар боюнча бир ай ичинде айыпты төлөгөндөргө жеңилдик берилбей калышы ыктымал

Кеп 188-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 189-беренесинин 1-бөлүгүн, 192-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү жөнүндө болуп жатат. Буларда каршы тилкеге чыгуу, кооптуу маневр жасоо жана жолдо бараткандардын өмүрүнө коркунуч келтирүү тууралуу айтылган. Укук бузуулар жөнүндө кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдө протоколдор санарип түрдө түзүлүп, айып пулдарды банктык тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталган.

Кененирээк

Жаныбарларга келтирилген зыян үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылды

Мисалы, тоо текени аткандарга 300 миң, ал эми элик үчүн 100 миң сомго чейин жетти. Ак жана кара илегилектерге зыян келтиргендерге 30 миң сом айып салынат. Айып пулдардын бир бөлүгү мыйзам бузулганын аныктоого көмөктөшкөн адамдарды сыйлоого жумшалат.

Кененирээк

Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамга жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Жаңы нормалар ызы-чууга каршы көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Документке ылайык, эми кварталдык комитеттер тынчтыкты бузуу фактылары боюнча акт түзө алышат. Бул материалдар милицияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүп, кийин айып пул салуу маселеси каралат. Далил катары фото, видео жана башка…

Кененирээк

«Кыргыз кымызы» брендин мыйзамсыз колдонгондорго 100 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Джумабеков «Кыргыз кымызы» брендин коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, брендди мыйзамсыз колдонгондорго 10 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат,продукция конфискацияланат жана QR-кодсуз сатылган кымыз да мыйзам бузуу катары каралат. Ошондой эле жаңы ишканалар 3 жылга киреше салыгынан бошотулат жана жабдууларды импорттоодо КНС алынбайт. Максат — «Кыргыз кымызы»…

Кененирээк

Өткөн жылы жаратылышка зыян келтиргендерге 73 млн 710 миң сом айып салынды

Жаратылыш министрлиги жыл аягына чейин анын 66 млн 145 миң сому өндүрүлгөнүн кабарлады. Жаратылышка зыян келтирген жалпы 10 миң 666 учур катталган. Анын арасында көп катталган мыйзам бузуулар абаны булгоо жана мыйзамсыз аң улоого байланыштуу.

Кененирээк

Эттин баасын көтөргөн 178 адамга айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көтөргөн 178 учурду аныктап, 668 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Женалы Орозбаев парламенттин жыйынында билдирди. Буга чейин уй эти 680 сомдон, ал эми кой эти 670 сомдон кымбат болбошу керек деген эреже кирген.

Кененирээк