Жогорку Кеңештин депутаттары бир жумага аймактарга чыгышат

Кийинки жумада Жогорку Кеңештин жыйындары болбойт. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, 23–28-март күндөрү депутаттар аймактарда иштеп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.Төрага ар бир округдан үчтөн депутат шайланганын эске салып, эл менен натыйжалуу иштешүү үчүн аларды биргеликте жер-жерлерге чыгууга чакырды.

Кененирээк

Депутаттар БШКнын мүчөлөрүнүн санын кыскартуу сунушун колдоду

Жогорку Кенеш Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, долбоорго ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 12ден 7ге чейин кыскартуу сунушталууда. 3 мүчө — президенттин квотасы менен 4 мүчө — парламенттин квотасы менен шайланмак. Бирок экинчи окууда кызыкчылыктар кагылышпашы үчүн мүчөлөрдүн санын 8 кылып бекитүү сунушу айтылды….

Кененирээк

Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын кабыл алды

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Жузеппина Принчи баштаган жети депутат катышты. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана адам укуктары, сөз эркиндиги талкууланды. Садыр Жапаров ЕБ менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди. Ал эми Жузеппина Принчи эки тараптуу алака ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, билим берүү тармагындагы…

Кененирээк