Эми мектептерде директорлук кызматка баруучулар эки жылдан кем эмес мөөнөттө директордун орун басары кызматын аркалаш керек.

Бул боюнча министрликте атайын жобо иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Үмөталиева билдирди. Маалым болгондой, директорлукка талапкерлер эки баскычтуу сыноодон өткөрүлөт.

Алгач тест тапшырышат, андан кийин алты айлык сыноо мөөнөттөн өтүшөт. Андан татыктуу өткөндөр менен гана беш жылдык келишим түзүлөт. Мугалим директорлук кызмат орунга эки мөөнөттөн ашык отура албайт. Андан тышкары мугалимдик кызматта жети жылдан кем эмес убакыт иштегендер гана сынакка арыз бере алышат. Аны менен катар заманбап технологияны колдоно алуусуна, лидерлик, менеджерлик сапаттарына өзгөчө көңүл бурулат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *