Кыргызстанда баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт.
Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана сыртында баланын жүргүзгөн бардык иш-аракеттерин, мисалы, сейилдөө учурунда байкап, өлчөп турушат. Бул курал баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди ишенимдүү жана так белгилеп, тарбиячыга баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жана окутуу методдорун өркүндөтүүгө жардам бериши керек.