Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктайт
Кыргызгидромет 4-5-октябрда тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлүп жатканын кабарлады. Ошондой эле бул күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу да мүмкүн. Ал эми 5-6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн абанын температурасы -10 градуска, өрөөндөрдө 1 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.


