Бүгүн, 16-апрелде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Ысык-Көл менен Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бийик тоолуу жолдордо тайгак болуп, айдоочуларга этият болуу сунушталат.
🔶 Чүй облусу: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 13…18°C
🔶 Талас облусу: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 12…17°C
🔶 Ош облусу: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 15…20°C
🔶 Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 15…20°C
🔶 Баткен облусу: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 15…20°C
🔶 Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 14…19°C
🔶 Нарын облусу: түнкүсүн 0…5°C, күндүз 16…21°C
🔶 Бишкек: түнкүсүн 10…12°C, күндүз 16…18°C


