Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн жасалма интеллект технологиясы киргизилди. «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» аттуу ЖИ-теле алып баруучулар түзүлүп, алар депутаттардын иши, күндүн жыйынтыгы жана жума ичиндеги окуялар тууралуу санариптик форматта маалымат беришет. Маалыматта ЖИни колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды….

Кененирээк

Марлен Маматалиев орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен бирге алдыдагы иш пландарды талкуулады

Бүгүн, ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев жаңы шайланган орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен жыйын өткөрүп, парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларды талкуулады. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү жаатында бир катар тапшырмаларды берип, алдыда карала турган маселелер тууралуу маалымат алды. Ошону менен катар негизги иш пландар боюнча да пикир алмашты. Ошондой эле кеңешмеде уюштуруу жана документ жүгүртүү иштерине…

Кененирээк

ЖК комитети УКМК төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды

Парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды.

Кененирээк

Президент К.Ташиевди эмне себептен жумуштан алганын айтты

Садыр Жапаров бул чечимге өлкөдө бөлүнүү коркунучу жаралганынан улам келгенин билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттык топтор Жогорку Кеңеште «кайсы тараптасың?» деген принцип менен бөлүп-жарууга аракет кыла баштаган. Айрым адамдар «генерал тарап» жана «президент тарап» деген түшүнүктөрдү жайылтып, депутаттарга жана мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөткөн учурлар болгон. Президенттин айтуусунда соңунда мындай бөлүнүүлөр «көчөдөгү аксакалдарга» жеткен. Ошондой эле…

Кененирээк