Бишкектеги 30дан ашык мектеп онлайн окууга өтөт

Бишкекте 21–23-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 30дан ашык мектеп убактылуу дистанциялык окууга өтөт. Онлайн форматта №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102 жана 103-мектептердин окуучулары билим алышат.

Кененирээк

ЖРТ: кошумча каттоо 16 жана 20-майда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16 жана 20-майда Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди. Каттоо тест өтө турган борборлордо, башкача айтканда мектептерде, саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Ар бир район же шаар боюнча так даректи мектеп өкүлдөрүнөн же райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн тактоо керек. Тестирлөө эки…

Кененирээк

ЖРТга бүтүрүүчүлөрдү каттоо аяктады

Тестирлөө 13-майдан 23-майга чейин өтө турганын Агартуу министрлиги билдирди. Быйыл жалпы 61 412 абитуриент катталды. Тестирлөөнү бул жылы да Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору уюштурат.

Кененирээк

Быйыл ЖОЖдорго өтүү үчүн босого балл өткөн жылдагы деңгээлде калат

Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди. 2025-жылдагы босого балл:Негизги тест — 110 балл Предметтик тест — 60 балл Айрым багыттар боюнча: Педагогика — 130 (грант), 115 (контракт) Саламаттык сактоо — 120 (грант), 110 (контракт) Айыл чарба — 100 балл (грант/контракт) ИИМ академиясы жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер…

Кененирээк

Окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо үчүн тиркеме иштелип чыкты

Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Долбоор тест материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. Тиркемеде ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолор жайгаштырылат. Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда.

Кененирээк